Эртең, 24-апрелде өлкөнүн көпчүлүк аймагында жаан жаайт. Ысык-Көл, Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Нарын облустарынын айрым жерлеринде мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдирди.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +21… +26,
Талас жергесинде түнкүсүн +6…+11, күндүз +19…+24,
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +10… +15, күндүз +23…+28,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +5… +10, күндүз +16…+21,
Нарын облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз + 16…+21.
Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын жаабайт, күндүз жаан жаашы мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +11…+13, күндүз +24… +26 градус болот.