Казакстанда аскерге кеткен уулун 28 жыл күткөн эне акыры жолукту (видео)

Коңшу Казакстандын Атырау облусунун тургуну 1996-жылы аскерге кеткен бойдон андан ары качып, дайынсыз жоголгон уулуна жолукту. Мындай маалымат социалдык тармактарга тарады.

Кызылкогин районуна караштуу Жаскайрат айылынын тургуну Бейбит Козыбаев 1996-жылы күзүндө аскерге чакырылып, аскерге баргандан кийин качып кеткен. Ушунча убакыт бою апасы Маржан Козыбаева уулунун аман-эсен кайтып келишинен үмүтүн үзгөн эмес.

Анда белгиленгендей, 1997-жылдын сентябрь айында Бейбит Козыбаев аскер бөлүгүнөн уруксатсыз чыгып кеткен жана андан бери аны эч ким көргөн эмес. Ал киши издөөдө жүргөн.

Анын уулу ушунча убакыттан бери кайда жүргөнү айтылган жок.

Бул окуяга Казакстандын Аскердик прокуратурасы реакция жасаган. Анда прокуратура кылмыш-процессуалдык кодекстин талаптарына ылайык чечим кабыл алынарын билдирген.

Казакстанда аскерге кеткен уулун 28 жыл күткөн эне акыры жолукту
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан