Кыргызстанда 24.04.24 датасында канча түгөй баш кошкону белгилүү болду

Кыргызстанда "24.04.24" өзгөчө датасында 317 түгөй өз ара мамилелерин расмий түрдө каттатышты. Бул тууралуу бүгүн, 25-апрелде Санариптик өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Бишкек шаарынын Бакыт өргөөсүндө никени каттоого 73 түгөй арыз берген, ал эми Ош шаарында 11 жуп баш кошту.

Белгилей кетсек, жаңы үйлөнгөндөр өз каалоолору менен Бишкек жана Оштогу Бакыт өргөөлөрүндө үйлөнүү аземин салтанаттуу түрдө өткөрө алышат. Никени каттоо үчүн жарандын өздүгүн тастыктоочу документ жана биргелешкен арыз талап кылынат. Мамлекеттик каттоо арыз берилгенден кийин бир айдан кийин жүргүзүлөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан