Манасбек Самидинов «Манас» эл аралык аэропорту» ААК башкармалыгынын төрагасы болуп
кайрадан шайланды. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.
Билдирүүгө ылайык, кечээ, 25-апрелде «Манас» эл аралык аэропорту» ААКсынын акционерлеринин жалпы жылдык жыйыны болуп өткөн. Анда башкармалыктын төрагалыгына кайрадан Самидинов шайланды.
Ошондой эле башкармалыктын мүчөлөрүнүн жаңы курамы бекитилди:
- Самидинов Манасбек Самидинович;
- Кубаталиев Мирлан Турдубекович;
- Малдыбаев Адилет Абдымуталипович;
- Мамбетов Алтынбек Мурадилович;
- Джапаров Талгат Эрмекович;
- Бакытбек Бекбача уулу (Башкармалыктын жаңы мүчөсү);
- Мамаев Аман Махмутович (Башкармалыктын жаңы мүчөсү).