Өзгөн районунда сел жүрдү

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Өзгөн районунун Ийри-Суу айыл аймагынын Корсетти айылында сел жүргөнүн билдирди.
Ага ылайык, кечээ, 25-апрелде саат 23:30 чамасында катуу жааган жамгырдын кесепетинен Корсетти айылында сел жүрүп, 1 турак үйдүн короосун жана ички чарбалык унаа жолду каптаган. Учурда унаа жол ачык.
Бүгүн Жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан тактоо иштери жүргүзүлүп жатканы маалымдалды.

ӨКМдин маалыматына ылайык, республика боюнча 20-23-апрель күндөрү 67 жолу сел кырсыктары катталган. Кечээ, 25-апрелдеги парламенттин жыйынында Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамырканов өлкөдөгү сел каптоонун негизги себептерин атаган.

Эске салсак, кечээ, 24-апрелде Сузак районуна, 23-апрелде Талас районуна, 22-апрелде Ош облусуна селден улам өзгөчө кырдаал режими киргизилген болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан