Бишкектеги Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт сарайында баскетбол боюнча 2008-2009-жылы туулган балдар жана кыздар арасында "Бишкек кубогу" эл аралык турнири башталды.
Калаа мэриясынан кабарлагандай, мелдешке Өзбекстан, Казакстан жана Кыргызстандын командалары катышууда.
Турнир 28-апрелде аяктап, оюндун жыйынтыгы чыгарылат.