Ички иштер органдарынын 87 жетекчиси тартип жазасына тартылды

Ички иштер министрлигинде кызматтык милдеттерди аткарууда кетирилген кемчиликтери үчүн жетекчилерге тартип жазалары берилди. Бул тууралуу бүгүн, 26-апрелде мекеменин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, ИИМдин жыйындар залында ички иштер органдарынын 2024-жылдын биринчи чейрегинин ичиндеги аткарган ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарган коллегиялык отурум онлайн форматта өттү.

"Коллегиянын жыйынтыгы менен коомдук тартипти сактоодо жана кылмыштуулук менен күрөшүүдөгү кемчиликтери үчүн биринчи чейректин жыйынтыгы менен ички иштер органдарынын 87 жетекчиси тартип жазасына кириптер болду, алардын ичинен бирөөсү ээлеген кызмат ордунан бошотулду.

Бир топ жетекчи кызматкерлердин ишмердүүлүгү жарым жылдын жыйынтыгына арналган отурумда каралат. Бүгүнкү коллегиянын чечими ИИМ тарабынан көзөмөлгө алынып, аны аткарылышына өзгөчө көңүл бурула тургандыгы белгиленди", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан