Туулган күнүң менен, MEGA! Уюлдук оператордон Кыргызстандын санариптик трансформациясынын чыйыр салуучусуна чейинки жол

MEGA мамлекеттик уюлдук байланыш оператору 28-апрелде өзгөчө датаны – өзүнүн 18 жылдыгын белгилейт. Бул жылдар аралыгында биз узак жолду басып өттүк. Бул курулуштун, тынымсыз өнүгүүнүн, жаңы технологияларды киргизүүнүн жана өзүнө болгон ишенимдин мезгили. 18 жылдын ичинде компания Кыргызстандын жыргалчылыгы үчүн жигердүү жана туруктуу иштеп, миллиондогон абоненттерди сапаттуу байланыш жана жогорку ылдамдыктагы интернет менен камсыз кылып, өлкө бюджетин миллиарддаган каражат менен толуктап, мамлекеттин санариптик демилгелерин колдоп келди.

Бүгүнкү MEGA – Кыргызстандын телекоммуникация рыногунун флагманы эле эмес, ири санариптик долбоорлордун жана FinTech чечимдеринин демилгечиси жана иштеп чыгуучусу. Компаниянын миссиясы – улуттук санариптик экотутумду түптөөгө жана өнүктүрүүгө салым кошуу аркылуу өлкөнүн санариптик трансформациясынын пайдубалын түптөөчүлөрдүн бири катары иш алып баруу.

MEGA тармак жана абоненттерге камкордук көрүү

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын башкаруусунда 100% акциясы мамлекетке тиешелүү болгон компания тармак менен камтуу, абоненттердин саны жана өлкө аймагындагы базалык станциялардын саны боюнча лидерлердин бири катары статусун тастыктай алды.

Мамлекеттик оператор тармакты өнүктүрүүнүн болуп көрбөгөндөй темптерин көрсөттү, анын аркасында MEGA байланышы Кыргызстандын калктуу аймагынын 99%дан ашыгын камтыды. Жетүү кыйынчылыкты жараткан, калкы аз жана чек ара аймактары да MEGA байланышы менен камсыздалган. MEGA эң алыскы бийик тоолуу чек ара тозотторунун бири болгон Нарын облусунун Ак-Сай өрөөнүндө жайгашкан Корумдуда базалык станцияны биринчилерден болуп орноткон уюлдук оператор болду. Өрөөн деңиз деңгээлинен 3 миң метрден жогору бийиктикте жайгашкан, аталган аймак Кыргызстандын «суук уюлу» катары белгилүү.

Өнүгүү жолунда келе жаткан уюлдук оператор заманбап, ыңгайлуу тарифтерди сунуштоо жана мобилдик санариптик кызматтарды көрсөтүү менен, 3 миллиондон ашык абоненттердин ишенимине ээ болду.

Абоненттеринин дүйнөлүк тармакка жетки алуусуна кам көрүү менен, MEGA мамлекеттик оператору интернет-трафиктин эки эселенген көлөмү менен, жаңыланган «Элдики + MegaTV» тарифин жана «Атайын сунуш 500» 30 күндүк тарифин ишке киргизди. Тарифтер кыргызстандыктардын сүйлөшүү, видео көрүү, музыка угуу, мессенжерлерде жана социалдык тармактарда баарлашуу сыяктуу негизги мүдөөлөрүн эске алуу менен иштелип чыккан.

Мындан тышкары, MEGA абоненттери эч кандай чектөөсүз Wi-Fi мобилдик интернет трафигин акысыз тарата алат.

2023-жылы мамлекеттик уюлдук байланыш оператору Кыргызстанда биринчи жолу VoLTE акысыз, технологиялык кызматын ишке киргизди. Кыргызстандын тургундары үн байланышынын жаңы муунун – тез терүү жана таза үн менен чалуу технологиясын жогору баалашкан.

Мамлекеттик масштабда өнүгүүнү жана күнүмдүк жашоо үчүн ыңгайлуулуктарды шарттаган санариптик технологиялар

MEGA кыргызстандыктардын жашоосунун ажырагыс бөлүгү болуп калган Fintech секторуна өзгөчө көңүл бурат. Бул багытта MegaPay, MegaTV, Mega24, MegaKassa, MegaLab кызматтарын жигердүү өнүктүрүүнү улантууда.

MegaPay тиркемеси ишке киргизилгенден тарта толук кандуу санариптик жардамчыга айланды. Бүгүнкү күндө бул мобилдик кызматтын жардамы менен сиз телефонуңуздун балансынан же QR-коддун жардамы менен 1400дөн ашык товарларды жана кызматтарды төлөй аласыз, тактап айтканда, Кыргызстандын 10 банкынын картасына комиссиясыз акча которуу, насыяларды төлөө, эл аралык которууларды аткаруу жана 100дөн ашык мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр жеткиликтүү болот.

«Түндүк» тутуму менен терең интеграциялоо аркылуу MegaPay тиркемесинин ичинде мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү боюнча долбоордун ишке киргизилиши MEGAнын өлкө жарандарынын мамлекет тарабынан берилген мүмкүнчүлүктөргө оңой жете алуусуна баа жеткис салым болуп калды.

MEGA жаңы санариптик тенденцияларга өзгөчө көңүл буруп, тышкы кызматташтыкта ​​жана интеграциялоодо жаңы, стандарттуу эмес чечимдер үчүн ар дайым ачык экендигин билдирип келет. Ата мекендик оператор өлкөдө биринчи болуп, булуттук электрондук кол тамганы акысыз ала турган кызматты ишке киргизди, анын аркасында бир нече мүнөттүн ичинде алууга болот. Кошумчалай кетсек, Мамлекеттик салык кызматы менен биргеликте, Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин колдоосу менен MEGA Кыргызстанда алгачкылардан болуп жеке ишкерлерди онлайн-каттоо процессин жөнөкөйлөткөн кызматты иштеп чыкты.

«MEGA Инвестициялар» тиркемеси ишке киргизилди, бул жерде мамлекет тарабынан жогорку деңгээлдеги кепилдикке ээ болгон мамлекеттик баалуу кагаздарды сатып алууга болот. Уникалдуу функционалдуулугу бар касса кызматы – MegaKassa тууралуу да белгилей кетүүгө болот. Кызмат, товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууда жана сатууда, фискалдык кассалык дүмүрчөк берүү менен накталай төлөмдөрдү жүргүзүүчү ишкерлерге багытталган.

2023-жылдын декабрында MEGA жана «РСК Банк» кызматташуу тууралуу жарыялашкан. Мамлекеттик сектордун эки флагманы тармактар аралык алгачкы санариптик демилгени жарыялады. Муну менен GovFinTech мобилдик каржылык технологиялардын өнүгүшүнө чыйыр салды. 2024-жылдын март айында кызматташуунун флагмандык өнүмүнүн биринчи версиясы – “Ishker24” ишкерлер үчүн мобилдик тиркемеси ишке киргизилди.

Санариптик GovFinTech технологияларын ишке ашыруу жана колдоо боюнча алдыңкы платформа катары жаңы стратегиялык ролунда MEGA ата мекендик инновацияларды жигердүү колдоп келет. Компания ата мекендик иштеп чыгуучулар менен өз ара аракеттенүүгө көмөктөшүп, долбоорлорду тез баштоо үчүн уникалдуу аянтчаны камсыз кылат.

Компания 18 жыл ичинде миллиондогон кыргызстандыктарды бир чоң MEGA үй-бүлөгө бириктирди. Бизге ишеним көрсөткөн, биз менен болгон бардык абоненттерибизге жана өнөктөштөрүбүзгө ыраазычылык билдиребиз! Сиздердин ишенимиңиздер бизди мындан да мыкты болууга шыктандырат, жакындар адамдар менен ар дайым байланышта болуңуздар, биз ыңгайлуу жана сапаттуу байланышты камсыз кылуу менен баарлашуу кубанычын тартуулай бермекчибиз.

MEGAмыктыны тандоо!

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан