Бишкекте техникалардын дөңгөлөгүн жуучу жабдуу орнотпогон курулуш компаниялары жабылат

Бишкекте 29-апрелден тарта атайын техниканын дөңгөлөктөрүн жуу үчүн жабдууларды орнотпогон курулуш компанияларынын иши убактылуу токтотулат. Бул тууралуу калаа мэриясынан кабарлады.

Маалыматка ылайык, иши токтотулган курулуш компаниялары мыйзам бузуу жоюлгандан кийин гана ишин баштай алышат.

Азыркы учурда муниципалдык инспекция Бишкек шаарынын мэриясынын буйругун аткаруу максатында дөңгөлөктөрдү жуучу жабдууларды орнотуу боюнча курулуш объектилеринде рейддик иш-чараларды жүргүзүп жатат.

26-апрелге карата борбор калаада жалпысынан 38 курулуш объектиси текшерилген жана алардын бардыгы курулуш техникасынын дөңгөлөктөрүн жуу үчүн жабдууларды орноткону белгилүү болду. Калган объектилерди дем алыш күндөрү инспекторлор текшеришет.

Калаа бийлиги курулуш аянтчаларында трансбойлор, дөңгөлөктөрдү жууган эстакадалар болушу керектигин жана объекттин кире беришине шагыл төгүлүшү зарылдыгын эскертет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан