Кыргызстан Кытайга кайсы айыл чарба продукцияларын экспорттойт? Министрликтин маалыматы

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги Кыргызстандан Кытайга эскпорттоло турган айыл чарба продукцияларын тизмектеди.

Экспорттолуучу продукциялар:

– буудай уну;
– алча;
– коон;
– жүгөрү;
– жүзүм;
– буурчак.

Кытай рыногуна башка айыл чарба продукциясын чыгаруу үчүн алардын Башкы бажы башкармалыгынын CIFER сайтына катталуу зарыл. Ошондо экспортко чыгарууга уруксат берилет.

Ал үчүн төмөндөгү документтер керектелет:


– департаменттин атына арыз (өтүнмө)
– логин, пароль ачуу
– логин, пароль менен керектүү документтерди киргизүү
– КЭР тарап уруксат бергенден кийин экспортко чыгара алат.


Бүгүнкү күндө Кытайдын Башкы бажы башкармалыгынын сайтында (http://dzs.customs.gov.cn/ ) Кыргызстандын 42 алча, 10 коон өстүрүлүүчү жана 12 жер-жемиштерди сактоочу жерлер реестрге киргизилген.

"Ар бир өсүмдүк продукциясынын тобокелдигине жараша кытай тараптын талаптары бирдей эмес. Өсүмдүктүн коопсуздугуна өзгөчө көңүл буруу менен бирге биринчи экспортко чыгарып жаткан өндүрүүчүлөрдүн продукциясына кытай тарап комплекстүү текшерүү жүргүзөт", - деп айтылат маалыматта.


Ошондой эле Кытайга төмөнкү багыттар боюнча мал чарба продукциясын өндүрүү, кайра иштетүү, сактоо, сатуу менен алектенген Кыргызстандын 26 ишканасы экспорттоого укуктуу:


1. Сүт азыктарын өндүрүү боюнча - 13 ишкана;

“Ак сүт”, “Ак жалга”, “Урсус”, “Сүт булак”, “Шин Лайн”, “Эмилия”, “Талас Даамы”, “Арашан”, “Ат-Башы-Сүт”, “Клименко Д.А”, “Клевцов А.В”, “Ак-Булак плюс”, “Май-Булак Каракол”.


2. Аарычылык продукциясы боюнча – 11 ишкана;

“Дары Тянь-Шаня”, “Тутар Инвест”, “Жарык Кап”, ЧП Галиев Асхат Абдуллаевич, “Компания Медовая Аретль”, “Балаары”, “Ди Дар Групп”, “Вечный Шелковый Путь”, “Международная Инвестиционная компания “Шеньчжень Новый Шелковый Путь” – “Центральная Азия”; “Аман Гринфуд”, “Бизнес Лайк”.


3. Терилерди кайра иштетүү боюнча – 1 ишкана.

Мындан сырткары мал чарба продукциясын Кытайга экспорттоону ишке ашыруу үчүн төмөнкүдөй уруксат берүүчү документтер зарыл:

1. Кыргызстандын Башкы мамлекеттик ветеринардык инспектору тарабынан берилген ташып чыгууга уруксат кагазы.
2. Кыргызстандын өндүрүштүк объекттеринин реестринде өндүрүүчүнүн ишканасынын болушу.
3. Кытайдын ыйгарым укуктуу органы тарабынан берилген ташып келүүгө уруксат кагазы.
4. Кытайга импорттоо үчүн уруксат берилген ишканалардын реестринде Кыргызстандын өндүрүүчү ишканасынын болушу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан