Ош шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына аттанган эки талапкер шайлоодон четтетилди

Бир мандаттуу №7 Ош шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына ат салышып жаткан талапкерлер Максатбек Маматкулов менен Бекмурза Эргешов шайлоодон четтетилди. Мындай чечимди Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 26-апрелдеги отурумунда кабыл алды.

Маалымдалгандай, талапкер Маматкулов 19 үгүтчүсүнө 5 миң сомдон маянаны накталай төлөп берген жана шайлоо өнөктүгүн каржылоо тууралуу отчётун өз убагында тапшырган эмес. Бул шайлоо мыйзамдарына каршы келери, ар бир талапкер каржылоону атайын ачылган расмий эсебинен жүргүзүшү керектиги белгиленди.

Ал эми Эргешовдун талапкерлик каттоосун жокко чыгарууга социалдык тармактарга жарыяланган видео негиз болгон. Ал материал иликтенгени, Ош шаардык мэриясынын аппарат жетекчисинин маалыматы угулганы, кызматкерлеринен түшүнүк кат алынганы айтылды. БШК конституциялык-укуктук жактан чечим кабыл алууга укуктуу экенин белгилеп, прокуратура бул боюнча кылмыш-процессуалдык жактан өз корутундусун берерин кошумчалады.

Ошондой эле бул чечимге макул эмес тараптар сотко кайрыла алары айтылды.

Белгилей кетсек, блогер Ыдырыс Исаков 24-апрелде депутаттыкка талапкер Бекмурза Эргешовдун штабына жеке жана кызматтык унаалары менен Ош шаардык мэриясынын муниципалдык кызматтарынын кызматкерлери келип жатканы тууралуу видео жарыялаган. Анда Ош шаардык мэриясынын кызматкерлери административдик ресурс колдонуп, талапкер Эргешовго колдоо көрсөтүп жатканы айтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан