Жылнаама: 20-декабрь. Парламенттик жашыруун шайлоодо арбын добуш топтоп, Курманбек Бакиев өкмөт башына келген

* 1891-жылы (122 жыл мурун) Спрингфилд окуу жайынын 18 студенти биринчи жолу баскетбол оюнун өткөрүшкөн.

* 1913-жылы (100 жыл мурун) дүйнөдө алгачкы кроссворд жарыяланган.

* 1934-жылы (79 жыл мурун) жазуучу, философ Өскөн Даникеев туулган. Кыргыз жазуучусу, философу Өскөн Даникеев Сокулук районунун Чоң-Жар айылында туулган. Ал прозаик, Кыргыз ССРинин Билим берүүсүнүн отличниги, Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктын ээси.

*1967-жылы (46 жыл мурун) Грузиянын президенти Михаил Саакашвили туулган.

* 1981-жылы (32 жыл мурун) театр жана кино артисти Таттыбүбү Турсунбаева каза болгон. Таттыбүбү Турсунбаева кыргыздын көп кинолоруна катышып, ролдорун жеткиликтүү аткарган. Ал "Ак Мөөр" тасмасында башкы каармандын, ал эми "Кызыл алма" фильминде бейтааныш сулуунун ролун ойногон. "Ак Мөөр" фильминен соң Таттыбүбү Турсунбаеваны кыргыздар "Соң-Көл чүрөгү" деп аташкан. Тилекке каршы, анын өмүрү кыска болгон. Ал 37 жашында бул дүйнөдөн кайткан.

* 1982-жылы (31 жыл мурун) кыргыз эстрада ырчысы Сапар Эркебаев туулган.

* 1988-жылы (25 жыл мурун) Лондондон Нью-Йоркко учуп бараткан Боинг 747 учагы террорчулар тарабынан жардырылган. Анда 259 жүргүнчү жана жердеги 11 киши каза болгон.

* 2000-жылы (13 жыл мурун) парламенттик жашыруун шайлоодо арбын добуш топтоп, Курманбек Бакиев өкмөт башына келген.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан