Зордуктоодон кийин жылдызга айланган Диана Шурыгина Москвада кармалды

Москванын полициясы буга чейин чуулгандуу зордуктоо окуясы боюнча белгилүү болгон Диана Шурыгинаны камакка алды. Бул тууралуу Mash Телеграм каналы жазды.

Диана Шурыгина криптовалюталар рыногунда иштеген ишкер Святослав Гусев менен бирге Москванын Тверской районундагы үйлөрдүн бирине барган. Ал жерде чакан компания болгон. Бир маалда батирге полиция кызматкерлери келип, аларды алып кеткен.

Ал жерге полицияны коңшулары чакырышы мүмкүн. Анткени ага чейин катуу үндөр чыгып, коңшулар чогулгандарга бир нече эскертүү беришкен.

2016-жылы Диана Шурыгина аттуу орусиялык өспүрүм кыз 16 жашында зордукталып, ал окуясы менен "Пусть говорят" берүүсүнө катышып, коомчулук арасында чоң талкууга жана сын-пикирге кабылган эле.

Дал ушул берүүдөн кийин ал атактуулукка жеткен. Учурда Шурыгина блогерлик менен алектенет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан