Грузия баш аламандыкка карабай “чет элдик агент” жөнүндөгү мыйзамды экинчи окууда кабыл алды

Грузиянын парламенти өлкөдө уланып жаткан нааразылык акцияларынын фонунда “чет элдик агент” жөнүндөгү мыйзам долбоорун экинчи окууда кабыл алды.

Кечээ, 1-майда мыйзам долбоорун 83 депутат колдоп, 23 депутат каршы добуш берди. Добуш берүү Грузия парламентинин алдында өтүп жаткан кезектеги нааразылык акциясынын фонунда өттү.

Бийликтеги “Грузин кыялы” партиясы мыйзамды майдын ортосуна чейин ишке киргизүүнү көздөп жатат. Анда каражаттын 20 пайызынан кем эмесин чет өлкөдөн алган уюмдар расмий каттоодон өтүшү керек.

Сынчылар мыйзам долбоору Орусиядан көчүрүлгөнүн айтып чыгышты.

Соңку апталарда Грузиянын бардык аймактарын “орус мыйзамына” каршы нааразылык толкуну каптады. Өткөн түнү демонстрациялардын бирин таратуу учурунда кеминде 63 киши кармалган.

Грузия 2023-жылдын декабрынан бери расмий түрдө Евробиримдиктин мүчөлүгүнө талапкер. Брюссель Тбилисини чет элдик таасирдин ачыктыгы жөнүндөгү мыйзамды кабыл алуудан баш тартууга чакырып, мыйзамга каршы чыккан демонстранттарга карата зордук-зомбулукту сынга алды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан