Эске салсак, 3-февралда Бишкек ЖЭБде жабыркаган эки адам, ошондой эле тик учактын кулашынан жабыркаган эки аскер кызматкери андан ары дарылануу үчүн Түркиянын адистештирилген клиникаларынын бирине жөнөтүлгөн.
25-апрелде Аскердик тик учак кырсыгында жабыркаган аскер учкучу Түркиядагы ооруканадан чыгарылып, өлкөгө кайтып келген. Экинчи аскер учкучу 7-майда өлкөгө кайтканы айтылды.
Маалымат үчүн: 17-январда Достук айылына жакын жерде 23 565 аскер бөлүгүнүн аймагында Ми-8 тик учагы саат 11:00 чамасында кулап түшкөнү кабарланган. Кырсыктан экипаждын командири Жайыл Самудинов каза таап, 10 аскер жабыркаган. Бул окуядан кийин бир катар жооптуу кызматкерлер кызматынан убактылуу четтетилген. Коргоо министрлиги кызматтык териштирүү башталганын, кырсык машыгуу учурунда болгонун маалымдаган.
Ал эми 2-февралда түнкү саат үчтөр чамасында Бишкек жылуулук электр борборунда авария болуп, беш киши жабыркаган. Окуянын чоо-жайын билүү үчүн мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жана көз карандысыз тескөөчүлөр кирген ведомстволор аралык комиссиясынын курамы түзүлгөн.