Кубанычбек Айтакунов Бишкек шаарынын Свердлов райондук администрациясынын башчысы болуп дайындалды.
Бишкек мэриясынан билдиргендей, тиешелүү буйрукка борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиев кол койду.
Свердлов районунун башчысын дайындоо Бишкек шаарынын мэриясынын ички кадрдык резервинен жүргүзүлдү.