SUPER.KG порталынын #Азыр рубрикасынын бул чыгарылышында сулуулук тууралуу сүйлөшөлү деп турабыз. Өзгөчө айымдардын кулагына күмүш сырга. Жаштык узак убакытка сактап, дайыма сулуу болуп жүрүүнү самагандарга косметолог Адиана Акматалиева кеңеш берет.
Ал азыркы учурда популярдуу болуп жаткан бетке жасалуучу массажды үй шартында жасоонун жолдорун көрсөтүп берет.
Бетке массаж жасоонун эң башкы артыкчылыгы – анын жашартуучу натыйжасында. Косметолог жалкоолонбой, системдүү түрдө массаж жасоого көңүл буруу менен жакшы жыйынтыкка жетүү мүмкүн экенин билгилейт.
Анын арты менен бырыштар жазылып, бет териси тартылат.
Массажды сеанс менен аптасына 2 жолудан кем эмес жасоо керек. Эгерде натыйжа тезирээк болушун кааласаңыз, күн алыс массаж жасоого убакыт бөлүп туруңуз. Жол-жобосун төмөндөгү видеодон көрүңүз.