"Барселонанын" чабуулчусу күтүүсүздөн "Алтын топ" сыйлыгын алышы мүмкүн

Каталондук "Барселонанын" чабуулчусу Роберт Левандовский 2020-жылдагы "Алтын топ" сыйлыгын алышы мүмкүн. Сыйлык ошол жылы коронавирустагы пандемиядан улам берилген эмес. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, польшалык чабуулчу ошол сезондо "Бавария" үчүн 47 оюнда 55 гол киргизген, ошондой эле команда менен Бундеслиганы, Чемпиондор Лигасын жана Германиянын Кубогун уткан. France Football журналы сыйлык албоо чечимин кайра карап чыгышы мүмкүн.

35 жаштагы чабуулчу сыйлык тууралуу суроого ачык жооп берди.

"Эгер мага төрт жылдан кийин «Алтын топту» берилсе аны кемсинтүү катары кабыл алмак эмесмин. Тескерисинче, сыйлыкты алуу мен үчүн сыймык болмок", - деген Левандовскийдин Sportskeeda басылмасына.

2022-жылы Левандовский "Бавариядан" кетип, "Барселонанын" оюнчусу болгон. Каталондук команда менен футболчу биринчи сезонунда эле Испания чемпиондугун жеңген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан