Бүгүн, 15-майда Татарстандын Казань шаарында «Орусия Адал Экспо» эл аралык көргөзмөсү башталды. Бул туурасында Кыргызстандын Экономика жана каржы министрлигинен билдирди.
Маалымдалгандай, Улуттук павильондо 12 азык-түлүк компания азыктарын көрсөтүүгө койгон.
“Бул иш-чарага 17 миңден ашуун өлкөнүн 80ден ашуун адамы, ата мекендик жана чет өлкөлүк кесипкөй сатып алуучулар катышат. Көргөзмөнүн жүрүшүндө жолугушуулар, семинарлар, тематикалык тегерек столдор сыяктуу кошумча иш-чаралар өткөрүлөт”, - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, иш-чара «Казань форум-2024» эл аралык экономикалык форумдун алкагында уюштурулуп, 19-майга чейин уланат.