БШК Бишкектин экс-мэри Абдыкадыровдун арызын канааттандырган чечимге каршы Жогорку сотко кайрылды 

Борбордук шайлоо комиссиясы №21 Талас шайлоо округундагы шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу боюнча Бишкектин административдик соту жана Бишкек шаардык соту чыгарган чечимдерге каршы Жогорку сотко арыз берди. Бул тууралуу бүгүн, 15-майда БШКнын басма сөз кызматынан билдирди.

2021-жылы өткөн парламенттик шайлоодо бир мандаттуу №21 Талас шайлоо округунан талапкер болгон Эмилбек Абдыкадыров быйыл аталган округдан депутат болуп келген Бактыбек Чойбеков добуш сатып алганын айтып, шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу боюнча БШКга кайрылган. Боршайком 22-февралдагы отурумунда анын арызын негизсиз деп четке каккан.

Андан соң Абдыкадыров БШКнын чечимине каршы сотко кайрылган. Бишкектин административдик соту 28-февралда анын арызын канааттандырган. Бул чечимди Бишкек шаардык соту 9-апрелде күчүндө калтырган.

Эмилбек Абдыкадыров 2022-жылдын февралынан 2023-жылдын 31-октябрына чейин Бишкектин мэри болуп эмгектенген. Андан соң 10-ноябрда президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалып, ал кызматтан үч айдан кийин эле, тагыраагы, быйыл 14-февралда бошотулган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан