Словакиянын премьер-министрин жыйындан чыгып баратканда атып кетишти (видео) 

Словакиянын премьер-министри Роберт Фико кол салуудан кийин ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, Фикого өкмөт жыйынынан кийин эл алдына чыкканда ок атылганы кабарланууда. Кол салган адам окуя болгон жерден кармалды, премьер-министр Братиславадагы ооруканага жеткирилди. Анын абалы өтө оор, учурда операция жасалууда.

Эске салсак, апрель айында Словакия Украинанын НАТОго кирүүсүнө каршы экенин билдирген. Бул тууралуу республиканын премьер-министри маалымат жыйынында айткан.

Словакиянын премьер-министрине ок чыгарышты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан