Мэрия Бишкек ЖЭБине 66 миң сом айып салды

Бишкек ЖЭБге укук бузуулар жөнүндө кодекстин 3 беренеси боюнча айып пул салынды. Бул тууралуу Бишкек мэриясы кабарлады.

Муниципалдык инспекция шаардыктардын Ак-Өргөө конушундагы жолдордун булганышы тууралуу кайрылуусуна тиешелүү текшерүү жүргүзгөн.

"ЖЭБ-2 Алыкулов көчөсү, 7/1 дарегиндеги карьерден оор жүк ташуучу унаалар чыккан учурда жолду булгагандыгы, ирригациялык тармактарды толтургандыгы, асфальтты, латокторду сындыргандыгы жана мурда берилген көрсөтмөнү аткарбагандыгы үчүн айып пул салынды.

Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 249, 177-беренелеринин 1 жана 2-бөлүгүн бузгандыгы, ошондой эле 434-беренесинин 1-бөлүгүн аткарбагандыгы үчүн Жылуулук электр борборуна жалпы суммасы 66 миң сом айып салынды", - деп билдиришти мэриядан.

Жогоруда аталган мыйзам бузууларды 3 жумушчу күндүн ичинде жоюуга көрсөтмө берилди.

"Директордун орун басары жана Бишкек шаардык ЖЭБдин иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмү протоколдун көчүрмөлөрүн кабыл алуудан баш тарткандыктан, акт жеринде түзүлдү. Протоколдордун көчүрмөлөрү почта кызматы аркылуу жөнөтүлөт", - деп кошумчалады Бишкек мэриясынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан