Канттык өспүрүмдөр футбол боюнча эл аралык мелдешти жеңип алышты
30-октябрда Кантта 2000-2001-жылкы өспүрүмдөр арасында футбол боюнча КРнын улуттук курама командасынын оюн өткөрүү боюнча рекордчусу Вячеслав Аминдин жаркын элесине арналган эл аралык мелдеш жыйынтыкталды. Ага 8 команда катышып, финалдык оюндар "Борбордук" стадионунда өттү. 3-орун үчүн беттеште Казакстандын "Жастар" командасы КРнын Футбол федерациясынын футболдук борборунун командасын 2:0 эсебинде жеңип алды. Финалда өз ара күч сынашкан "Дордой" жана "Абдыш-Ата" командалары 1:1 эсебинде тең чыгып, пенальтилер сериясында канттыктар жеңишти илип кетишти. Сыйлык тапшыруу салтанатына расмий өкүлдөрдөн тышкары маркум футболчунун жубайы Ольга жана уулу Валера да катышты.