Папуа-Жаңы Гвинеянын түндүгүндө болгон жер көчкүнүн кесепетинен 300дөн ашуун адам каза болгон. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышууда.
Жер көчкү 24-майда жергиликтүү убакыт боюнча саат 03:00 чамасында борбор калаа Порт-Морсбиден 600 чакырым алыстыкта жайгашкан Энга провинциясынын Каокалам айылында болгон.
Маалыматка караганда, жер көчкү 1182 үйдү басып калган.