"Ал 1 миллиондон ашык сом алган". Ташиев менен байланышым бар деп алдамчылыкка шектелген жаран кармалды

УКМКнын төрагасынын атын жамынып, алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 25-майда УКМКдан билдиришти.

Белгилүү болгондой, З.у. А. алдамчылык жолу менен Камчыбек Ташиевдин жакындары менен мамилеси бар экендигин айткан. Ал буга чейин УКМК тарабынан кармалган Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин (мурдагы «Унаа» мамлекеттик мекемеси) кызматкеринин агасына Улуттук коопсуздук кызматы тарабынан кылмыш ишин токтотуу маселесин чечип берүүнү убада кылып, 1 миллион 500 миң сом өлчөмүндө акча каражатын талап кылган.

Аталган фактынын негизинде УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгы тарабынан кылмыш иши козголуп, анын алкагында З.у.А. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда тергөө иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан