Телеграм каналдын негиздөөчүсү Павел Дуров ушул жайда Борбор Азияга барууну пландап жатат

Телеграм каналдын негиздөөчүсү Павел Дуров ушул жайда Борбор Азияга барууну пландап жатканын өз каналында билдирди.

"Телеграмдын башкы директору катары эс алууга чыкпайм. Анын ордуна мен өз жумушумду улантып, өзгөчө жерлердеги биздин колдонуучулар менен жолугууну туура көрөм. Ушул жай мезгилинде мен Борбор Азияга барып, ал жактын жашоосун көрүп, адамдар Telegram`ды кантип колдонорун жана алардын санариптик муктаждыктарын изилдөөнү чечтим", - деп жазган ал.

Павел Дуров кайсы өлкөлөргө жана качан барууну пландап жатканын тактаган жок, бирок ал “өзүнүн ачылыштарын” Телеграм каналынын катталуучулары менен бөлүшүүгө убада берди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан