Футбол боюнча Испания курамасы Германияда өтүп жаткан Европа чемпиондугунун тайпалык баскычында Хорватия курамасын ири эсепте утту.
"В" тайпасында ойногон командалардын беттеши Берлиндеги "Олимпиаштадион" стадионунда өтүп, 3:0 эсебинде испаниялыктардын пайдасына аяктады.
29-мүнөттө чабуулчу Альваро Мората Испанияны алдыга чыгарды. 32-мүнөттө испаниялык жарым коргоочу Фабиан Руис эсепти 2:0 кылды. 45+2-мүнөттө Испаниянын коргоочусу Даниэль Карвахаль эсепти 3:0гө айлантууга жетишти.
80-мүнөттө Хорватиянын чабуулчусу Бруно Петкович пенальтиден артка кайткан топту дарбазага таамай багыттаган. Бирок ал гол жокко чыгарылды.
Жыйынтыгында Испания курамасы "өлүм" тайпасы деп эсептелген бул тайпада алгачкы 3 упайын алып, биринчи орунга чыкты.