Тажикстанда “идгардак” майрамында балдарга таттуу таратууда / Сүрөт: «Азия плюс»
Тажикстанда майрамдарды жана ырым-жырымдарды жөнгө салган мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизилди. Ага ылайык, улуттук маданиятка туура келбеген кийимдерди кийүүгө тыюу салынат.
Түзөтүүлөр Тажикстандын президенти тарабынан демилгеленип, өлкөнүн парламенти тарабынан жактырылган. Ага өлкө президенти Эмомали Рахмон 20-июнда кол койду.
Мыйзамды сактабагандарга айып пул каралган, бирок кайсы кийимдин түрлөрү “улуттук маданиятка жат” деп саналып, сатууга жана кийүүгө тыюу салынганы көрсөтүлгөн эмес.
"Мыйзамдын бул жоболору коомдо талкуу жана карама-каршылыктарды жаратты. Айрым тургундар бийликтегилер көчөдө хиджаб кийген аялдарды токтотуп, аны чечүүнү же жоолук салынышын талап кылып жатканын айтып нааразы болушууда", - деп жазышты тажик басылмалары.
Мыйзам долбоору ошондой эле Тажикстанда “идгардак” деп аталган Курман айт жана Орозо айт майрамдарында балдардын үйлөрдү кыдыруусуна тыюу салат.