Кулубаев Алматыда ЖККУнун Тышкы иштер министрлер кеңешинин жыйынына катышты

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев кечээ, 21-июнда Алматы шаарында Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун (ЖККУ) Тышкы иштер министрлер кеңешинин кезектеги жыйынына катышты.

ТИМден билдиргендей, жыйындын жүрүшүндө катышуучулар эл аралык жана аймактык кырдаалдын абалына, ошондой эле анын Уюмга мүчө мамлекеттердин коопсуздугуна тийгизген таасирине байланыштуу маселелерди талкуулашты. Тараптар ЖККУнун тышкы байланыштарын өнүктүрүү боюнча мындан аркы кадамдар тууралуу пикир алышты.

"Тышкы иштер министрлер кеңеши Жакынкы Чыгышта жана Түндүк Африкада стабилдештирүү аракеттери жөнүндө, Беларустун фашисттик баскынчылардан бошотулушунун 80 жылдыгына байланыштуу, космос мейкиндигин тынчтык максаттарда изилдөөнүн жана пайдалануунун актуалдуу маселелери боюнча, ошондой эле эл аралык маалыматтык коопсуздук чөйрөсүндө кызматташтыкты кеңейтүү боюнча билдирүүлөрдү кабыл алды. Аталган билдирүүлөрдө тараптардын консолидацияланган пикири чагылдырылган", - деп айтылат маалыматта.

Кеңеш ошондой эле Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун алкагында түзүлүүчү эл аралык келишимдердин долбоорлорун иштеп чыгуу боюнча жана ЖККУнун Тынчтыкты сактоо күчтөрүнө бөлүнгөн ЖККУга мүчө мамлекеттердин тынчтык орнотуучу контингенттери менен машыгууларды даярдоо жана өткөрүү боюнча методикалык сунуштарды, Уюмдун финансылык ишмердүүлүгүнө байланышкан документтерди жактырды.

Тышкы иштер министрлер кеңешинин кийинки жыйыны Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясынын алдында, үстүбүздөгү жылдын ноябрь айында Казакстанда өтөрү кошумчаланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан