Улуттук банктын төрагасы Кубанычбек Бөкөнтаев башка жумушка которулуп жатканына байланыштуу кызматынан кетип жатат. Бул тууралуу өлкөнүн башкы банкы билдирди.
Бөкөнтаев бул кызматка 2021-жылы дайындалган болчу. Азырынча анын кайсы кызматка барары белгисиз.