Баткендин бир району менен эки айылына "өзгөчө кырдаал" режими кирди

Баткен облусунда жүргөн селдин кесепеттерин жоюу үчүн 1 райондо жана 2 айыл аймакта “өзгөчө кырдаал” режими киргизилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Тактап айтканда, Кадамжай районунда катталган селдин кесепеттерин жоюу, кечиктирилгис иш-чараларды өз убагында аткаруу максатында 24-июнда Кадамжай районунун акиминин буйругунун негизинде "өзгөчө кырдаал" режими район аймагына киргизилди.
Мындан сырткары Лейлек районунун Катраң айыл аймагына жана Баткен районунун Ак-Татыр айыл аймагында селдин кесепеттерин жоюу жана башка кечиктирилгис иштер жүрүп жатат. Андыктан аталган айыл аймактарына да “өзгөчө кырдаал” режими киргизилген.
Кечээ, 24-июнь күнү Баткен облусунун Баткен, Лейлек жана Кадамжай райондорунун аймактарында катуу жааган жамгырдан сел жүргөн.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан