Аламүдүн РИИБине жаңы жетекчи дайындалды

Бүгүн, 28-октябрда Чүй облусунун Аламүдүн райондук ички иштер башкармалыгынын жаңы жетекчиси Алмазбек Айбашев жана анын орун басары Бейшенбек Молдалиев эмгек жамаатына тааныштырылды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, жетекчилерди жамаатка Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Абдырахманов тааныштырды.
Абдырахманов жаңы дайындалган жетекчилерге мындан аркы жемиштүү кызмат каалап, мыйзамдуулукту сактоо, кызматтык тартипти камсыз кылуу жана коррупциянын алдын алуунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан