Парламент 15-мартты Ата-энелер күнү деп белгилөөнү жактырды

Бүгүн, 26-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында "Аталар күнүн жана Энелер күнүн белгилөө жөнүндө" мыйзам долбоору үчүнчү окууда жактырылды.

Ага ылайык, өлкөдө жыл сайын 15-март Ата-энелер күнү катары белгиленет, бирок дем алыш күн болуп саналбайт. Эми ага президент кол коюшу керек.

Мыйзам долбоорун депутат Медер Алиев демилгелеген. Эл өкүлү алгач Аталар күнүн белгилөөнү сунуштаган. Ал мыйзам долбоору коомдун өнүгүшүндө аталардын ролун жана кошкон салымын таанууга, ошондой эле үй-бүлөнү чыңдоого, үй-бүлөдө эркектин жоопкерчилигин жогорулатууга багытталганын белгилейт.

Бирок депутаттар экинчи окууда 15-мартты Ата-энелер күнү деп белгилөө чечимине келишкен. Ошол эле учурда май айынын үчүнчү жекшембисинде белгиленүүчү Энелер күнү кала берет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан