Белгилей кетсек, 28-июнда Т.Кулатов айыл аймагынын Абшыр-Ата айылында нөшөрлүү жамгырдын кесепетинен Шаран-Сай сел өтүүчү сайына сел суулары түшкөн.
Натыйжада 33 турак үйдүн, 1 бала бакчанын короосун сел каптап, анын ичинен 7 турак үйдүн ичине сел кирген. 7 адамды сел суулары агызып кетип, 5 адамдын жансыз денелери табылган. Буга байланыштуу Ноокат районуна "өзгөчө кырдаал" режими киргизилди.