Палестиналык ХАМАС кыймылына жаңы жетекчи дайындалды

Палестинадагы ХАМАС кыймылынын жаңы жетекчиси болуп Халед Мешал дайындалды. Бул туурасында чет элдик басылмалар жазышты.

Маалымдалгандай, ал аталган кыймылдын чет өлкөдөгү өкүлчүлүгүнүн бирин жетектеп келген. Учурда Халед убактылуу каймылды башкарып турат. Анын негизги милдети сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү менен барымтадагыларды бошотуу болуп санала тургандыгы маалыматта кошумчаланган.

ХАМАС кыймылынын жетекчилиги Түркия, Катар жана Египеттин расмий өкүлдөрүнө саясий бюронун башчысы Яхья Синвар даярдалган кол салуудан кийин каза болгонун айтышкан. Мындай окуядан кийин барымтадагы жарандарды бошотуу жана согушту токтотуу боюнча сүйлөшүүлөр токтоп калган”, - деп айтылат маалыматта.

Кечээ, 17-октябрь күнү эртең менен Израиль 2023-жылдын 7-октябрында Израилге кол салуунун негизги уюштуруучусу деп эсептелген Синвардын жок кылынганын расмий жарыялаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан