Бишкекте жана Чүйдө бир саат аралыгында күн күркүрөп, катуу шамал болушу мүмкүн. Бул боюнча Кыргызгидромет кызматынан кабарлашты.
Маалым болгондой, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетет.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги катуу шамал учурунда коопсуз жайларда болууга чакырат.