Кыргыз бийчилери эл аралык сынакта алтын медаль алды

Кыргызстандык бийчилер Владимир Вырлеев менен Мария Прощлецова Германияда өткөн «WDSF Open taken place in Wuppertal 2024» турниринде алтын медалга ээ болушту. Бул тууралуу Кыргызстандын Бий спорт федерациясынын президенти Сергей Титунин билдирди.
Айтымында, сынак Вупперталь шаарында 6-июлда болуп, 10 өлкөнүн өкүлдөрү катышкан.
Турнирге катышкан 51 жуптун арасынан кыргыз бал бийчилери Владимир Вырлеев менен Мария Прощлецова алтын медалды жеңип алышты.
«WDSF Open taken place in Wuppertal 2024» эл аралык турнирине Германия, Франция, Литва, Латвия, Украина, Казакстан, Кыргызстан жана башка Европа, Азия өлкөлөрүнүн өкүлдөрү катышкан.
08.07.24
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан