Режиссёрдун эстелигин жасаган Тамила Маматова: "Чачын окшоштуруу кыйынга турду"

Кечээ, 9-июль күнү “Ала-Арча” көрүстөнүндө Кыргыз Республикасынын эл артисти, белгилүү кинорежиссёр, сценарист Геннадий Базаровдун эстелиги ачылды.
Иш-чараны Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов ачып, Базаровдун жараткан эмгектери жана өмүр жолу келечек муундарга үлгү болуп, шыктандырып, дем берерин, бул эстелик анын ысымын жана улуу иштерин даңазалап, баалуулуктарын эстен чыгарбоого жардам берерин белгилеген.
Эстеликтин скульптору Тамила Маматова SUPER.KG порталына айкелди жасоо иши өткөн жылы башталганын, аны жандуу кылып көрсөткөнгө аракет кылганын айтты.
"Алгач эстеликтин эскизин түзүп алдым. Агайдын жубайынын каалоосу боюнча эстелик ашыкча эч нерсеси жок, жөнөкөйүрөөк көрүнүшү керек эле. Ошондуктан горельеф стилинде, бронзадан жасалды. Эмгектеримдин ичинен бул эстелик өлчөмүнүн анча чоң эместиги, образдуу, жөнөкөйлүгү менен өзгөчөлөндү.
Чач бөлүгүн жасоо бир аз кыйынчылык туудурду, 1-2 жолу оңдодум. Болушунча жандуу кылып көрсөткөнгө аракет кылдым.
Айкелдин ачылыш аземи жогорку деңгээлде өттү. Ага кино жаатындагы өкүлдөр келишти. Учурдан пайдаланып, режиссёрдун жубайы Райва Тойгонбаевага ыраазычылыгымды билдирем", - деди ал.
Эстеликти бардыгы жогору баалаганын айтып, өзүнө да жагып, жакшы көрүп жасаганын кошумчалады.
"Балким, оюмда башкача, мүмкүн жаштык кезин же чоң масштабда жасамакмын. Алардын буйрутмасына ылайык, агайдын сүрөтүнүн негизинде жараттым. Мага жакты, жакшы көрүп жасадым.
Дагы долбоорлор менен иштеп жатам. Азыр айтпай турайын, эстелик орнотулуп, ачылышы болгондо билинет", - дейт Маматова.

Тамила Маматова жасаган Таттыбүбү Турсунбаеванын бюсту Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын фойесинде орнотулган.

Ал сүрөтчүлүк, айкелчилик өнөрдү аркалап, жасаган эмгектери менен эл оозуна алынып келет. Чыңгыз Айтматов, Болот Миңжылкиев сындуу залкарлардын айкелдерин жасаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан