Кыргыз жараны айдоочулук күбөлүктү 28 жолу сынак тапшырып, акыры алды

Кыргыз жараны айдоочулук күбөлүк алуу үчүн 28 жолу сынак тапшырган. Бул тууралуу кечээ, 9-июлда Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктен билдиришти.

Маалым болгондой, 2023-жылдын 1-январынан тарта системада теориялык экзаменди рекорддук түрдө тапшырган учурлар катталган. Алардын бири 28 жолу аракет кылып, сынактан өткөн. Дагы 32 жаран бир нече жолу аракет кылганына карабай сынактан өтпөй калган.

Белгилей кетсек, быйыл 30 миң 634 адам айдоочулук күбөлүк үчүн теориялык экзамендерди ийгиликтүү тапшырган. Өткөн жылдын ушул мезгилинде 26 миң 307 жаран сынактан өткөн.

"Жалпы 30 миң 634 адамдын ичинен 15 миң 653ү сынактан биринчи жолу тапшырганда эле өткөн. Ал эми 7242 адам экинчи аракеттен өтсө, үчүнчү аракетте 3646 адам, ошондой эле 4088 талапкер үч жолудан ашык экзамен тапшырып, айдоочулук күбөлүк алышкан", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан