"Альфа Телеком" ЖАКсы (MEGA СM) жаңы башкы директордун дайындалгандыгын жарыялайт

2024-жылдын 10-июлунда «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы» ААКсынын («Альфа Телеком» ЖАКтын 100 пайыздык үлүшүнүн ээси) акционерлеринин кезексиз жалпы чогулушу болуп, анда башкы директорду алмаштыруу чечими кабыл алынган.

2024-жылдын 11-июлунан тартып «Альфа Телеком» ЖАКсынын (MEGA СМ) башкы директорунун кызматын Эльнар Субакожоев ээлейт.

Мамлекеттик мобилдик оператордун башкы директору Эльнар Субакожоев 2021-жылдан бери MEGA компаниясынын коммерциялык директору жана Коммерциялык блогун жетектеп келген. Анын жетекчилигинин жүрүшүндө бир катар стратегиялык долбоорлор ишке ашырылып, Компаниянын бизнес-процесстери толугу менен реформаланган. 2024-жылы Кыргыз Республикасынын байланыш тармагын өнүктүрүүгө кошкон зор салымы жана кесиптик ишмердүүлүгүндөгү жетишкендиктери үчүн Эльнар Субакожоев Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасынын Ардак грамотасы жана төш белгиси менен сыйланган.

Иш тажрыйбасы:

  • 2005-жылы АКШнын Теннесси штатындагы White County High Schoolда окуган.
  • 2012-жылы жогорку кесиптик билим алып, Б.Н. Ельцин.атындагы Кыргыз-Орус Славян университетинин эл аралык мамилелер факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган.
  • Эмгек жолун 2009-жылы «Альфа Телеком» ЖАКсында Контакт-борбордун оператору катары баштаган. 9 жылдын ичинде (2017-жылга чейин) ал MegaComдо профессионалдык жолду басып өтүп, Коммерциялык дирекциянын бөлүм башчысы болгон.
  • 2017-2018-жылдары Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетине караштуу Мамлекеттик байланыш агенттигинин директору кызматын аркалаган.
  • 2018-2019-жылдары «Альфа Телеком» ЖАКсынын (MegaCom СМ) Тейлөө департаментин жетектеген.
  • 2019-2021-жылдары «МАМ» ААКсынын коммерциялык директору кызматын аркалаган.
  • 2021-жылы мамлекеттик уюлдук байланыш оператору «Альфа Телеком» ЖАКсынын (MegaCom СМ) Коммерциялык директору болуп дайындалып, өз эмгек жолун улаган.

Айта кетсек, ал 2023-жылдын сентябрынан «Альфа Телеком» ЖАКтын бери башкы директору кызматын аркалап келген жана өз каалоосу менен кызматтан кетүү чечимин кабыл алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан