Бүгүн, 9-июлда Башкы прокуратура Нарын облусунда мыйзамсыз жеке менчикке берилип кеткен 9 миллион 600 миң сомдук 8 гектар жер аянты мамлекетке кайтарылганын маалымдады.
Билдирүүгө ылайык, 2018-жылы Миң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Бүк участкасындагы аталган жер тилкеси жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан 6 жарандын жеке менчигине өтүп кеткен.
Бул боюнча облустук прокуратура сотко доо арыз менен кайрылган. Арыз толук канааттандырылып, тиешелүү документтер жараксыз деп табылган.