Эмгек министрлиги жумушчуларга иш берүүчүлөрдөн 68 миллион сом өндүрүп бергенин билдирди

Бүгүн, 10-июлда Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги 6 ай ичинде эмгек маянасын жана өндүрүштө алган жаракаттары үчүн компенсациясын ала албай жүргөн жарандарга 68 миллион сомдой сумманы өндүрүп бергенин билдирди.

Маалыматка ылайык, министрликтин Эмгек мыйзамдарын контролдоо жана көзөмөлдөө кызматы кайрылуулар боюнча иш берүүчүлөргө 517 текшерүү иштерин жүргүзүп, айып пулдарды салган.

Ошондой эле министрлик ар бир адам эмгек укуктары бузулса аталган кызматка кайрылууга укуктуу экенин эскертти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан