Ошто баш ийбеген айдоочуну тепкиге алган милицияга кызматтык иликтөө жүрүп жатат

Кара-Суу районунда Кайгуул кызматынын кызматкери баш ийбеген айдоочуну тепкиге алганы боюнча кызматтык иликтөө жүрүп жатат. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 11-июлда Ош облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан тастыктады.

Ошондой эле аталган башкармалыктын басма сөз кызматы окуя 17-июнда, саат 09:30 чамасында болгонун билдирди.

Андагы маалыматка ылайык, ошол күнү жол чырактын кызылына токтобой өтүп кеткен Daewoo Nexia үлгүсүңдөгү унааны Кайгуул милициясынын кызматкерлери тосушкан. Бирок айдоочу талапка баш ийбей качып кетүү аракетин жасаган. Натыйжада жол тескөөчүлөр кызматтык унаасы менен кубалаганга мажур болушкан жана 2005-жылы туулган жаранды кармашкан. Анын унаасы айып короого токтотулган.

Буга чейин социалдык тармактарда милиция кызматкерлери качкан унааны сүзүп токтотуп, айдоочусун тепкилеген видео тараган болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан