Бишкекте дагы бир сойкукана аныкталып, аларды калкалаган жалган милиционер кармалды

Бишкекте жаранды коркутуп акча талап кылган жалган милиция кызматкери менен интим кызматын көрсөткөн жайдын уюштуруучусу кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 11-июлда Ички иштер министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, милицияга Э.Ж. аттуу жаран арыз менен кайрылып, өзүн милиция кызматкери катары тааныштырган адам 35 миң сом талап кылып жатканын айткан.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин (Опузалап пара талап кылуу) негизинде кылмыш иши козголгон.

Милиция кызматкерлери тактоо иштерин жүргүзүп, окуя кандай болгонун аныкташкан. Арыз ээси Бишкек шаарындагы сауналардын бирине барганда ал жерден ага кыздардын интим кызматын сунушташкан. Ал макул болуп, кызматтын баасын чечишкен соң бир кыз келип Э.Ж.га порошок түрүндө кандайдыр бир затты сунуштаган. Аны колдонгон арыздануучу эйфорияга түшкөн. Кийин кыз кызмат көрсөткөндүгү үчүн 35 миң сом талап кыла баштаган. Бирок арыз ээсинин анча акчасы жок болгондуктан белгисиз аял келип, күрөө катары унаасынын ачкычын жана документтерин алып койгон. Эртеси Э.Ж.нын телефонуна бир жигит чалып, өзүн милиция кызматкери катары тааныштырып, кыздардын кызматы үчүн 35 миң сом талап кыла баштаган. Ал жигит күн сайын чалып жатып, акыры 5 миң сомун алып койгон.

Шектүү делген 1996-жылы туулган Р.К. аттуу жаран 10-июль күнү талап кылган акчанын 20 миң сомун алып жатканда колго түшүрүлүп, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Аны тинтүүдө арыз ээсинин документтери табылып, алынган.

"Кармалган жаран буга чейин бир нече жолу алдамчылык менен соттолгон, Ички иштер органдарына тиешеси жок жаран болуп чыкты", - деп айтылат маалыматта.

Жогорудагы факты боюнча тергөө иштери улантылып, Бишкек шаарындагы элиталык үйлөр деп эсептелген батирлердин биринен интим кызматын көрсөтүү үчүн уюштурулган сойкукана табылган. Ал жерде 4 кыз иштеп келгени аныкталып, алардын биринин жашы жете элек экени такталды.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 160-беренесине (Сойкулукка жана бузукулукка көмөктөшүү) ылайык кылмыш иши козголду. Ал эми аталган жайдын уюштуруучусу делген 2004-жылы туулган М.М. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

11.07.24
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан