
Социалдык тармактарда тарап жаткан 25 миң сомдук жөлөк пул тууралуу маалымат — фейк. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдирди.
Министрлик кыргызстандыктарды шектүү шилтемелерге кирбөөгө чакырды.
“Жогорулатылган жөлөк пул тууралуу шилтемени ачпаңыздар. Бул фейк маалымат. Ошентип шылуундар сиздин эсептериңизге же жеке маалыматтарыңызга кирүүгө аракет кылышы мүмкүн.
Министрликтин бардык расмий маалыматтары ведомствонун сайтында, социалдык тармактардагы жана ЖМКлардагы расмий баракчаларында жайгаштырылат. Бул учурда расмий маалымат тиешелүү Жарлыктарга шилтемелер менен коштолот”, - деп айтылат билдирүүдө.