УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Жалал-Абаддагы “Тай-Мурас” спорт комплексине барып, Сузак районунун акимин сындан өткөрдү.
Атайын кызматтын башчысы алгач өзү штанга көтөрүп, андан соң аким Баратбек Сыдыкназаровго гантель көтөрттүргөн.
Ошондой эле Ташиев ага "бел ооруп жүрөт" дегенине карабай пресс да жасатып, аким алгач өзү элге үлгү болушу керектигин айткан.
Ал соңунда акимди тамашага алып, курсакты кетириш керектигин айткан. Сыдыкназаров бул “пресс” деп кутулган.