Камчыбек Ташиевден жардам сураган аксакалга жардам көрсөтүлдү

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев 76 жаштагы Каныбек Шаршембаевге жардам көрсөттү. Бул тууралуу журналист Өткүрбек Рахманов Фейсбуктагы баракчасына бөлүштү.

Буга чейин айрым маалымат каражаттарында Каныбек Шаршембаев аксакалдын оор турмушу тууралуу видоематериал жарыяланган. Анда аксакал кароосуз экендиги, көчөдө кайыр сурап жан багары айтылган. Жубайы каза болуп, жалгыз уулу таштап кеткен.

"Каныбек Шаршембаевдин өздүгүн тастыктоочу документтери жок болгондуктан, карылар үйүнө да кире алган эмес, жадагалса пенсия алууга да мүмкүнчүлүк жок болгон. Мындан улам аксакалга Камчыбек Ташиев жардам көрсөткөн. Тактап айтканда, аксакал Бишкек шаардык карылар жатак үйүнө киргизилип, жакын арада өздүгүн тастыктоочу документтерге да ээ болот", - деп жазды ал.

Каныбек аксакал социалдык тармак аркылуу кайрылуу жасап, Камчыбек Ташиевге көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылыгын билдирген.

“Урматтуу Камчыбек Ташиев, сизге чоң рахмат. Сиздин тапшырмаңыз менен балдарыңыз мени карылар үйүнө алып келишти. Паспортум да жакын арада колума тиет экен”, - деп билдирген аксакал.

Белгилей кетсек, видео кайрылууда Каныбек аксакалга керектүү кийим-кече, күнүмдүк турмушка керектелүүчү каражаттар да алынып берилгени айтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан