Талас шаарында өндүрүш багытында 3 ири завод жана аттракциондор курулат. Бул тууралуу Талас шаарынын мэриясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, асфальт заводу, темир-бетон заводу жана кум-шагыл чыгаруучу заводдор салынып, 100дөн ашык жумуш орундар пайда болот. Мындан сырткары оюн-зоок паркынын ичине 8 түрлүү аттракциондор курулат.
Бул боюнча президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Талас шаарын өнүктүрүүгө 1 миллиард сомдон ашык каражат бөлүнгөн.
Кытайлык өндүрүшчүлөр менен Талас шаарынын мэри Эрмат Жумаев 12-июлда меморандумга кол койгон.
Мындан тышкары Талас шаарында 50 чакырым тротуар салынып, вело жолдор курулары кошумчаланды.