Эртеңден тарта ЖОЖдорго кабыл алуунун биринчи айлампасы башталат

Өлкөдө эртең, 15-июлдан тарта жогорку окуу жайларына кабыл алуунун биринчи айлампасы башталат. Бул туурулуу Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлады.

Маалыматка ылайык, 2024-2025-окуу жылына Жалпы республикалык тестирлөөнүн (ЖРТ) жыйынтыгы боюнча жогорку окуу жайларга абитуриенттерди тандоо жана кабыл алуу 15-июлда башталып, 5 тур менен өтөт.

  • сынакка катышуу үчүн талапкерлерди каттоо - 15-17-июль,
  • сынакка катышуу үчүн каттоону аяктоо – 17-июль саат 14:00,
  • окууга сунуш кылынган абитуриенттердин тизмелерин жайгаштыруу - 18-июль саат 10:00гө чейин,
  • абитуриенттердин ЖОЖго тапшыруу каалоосун тастыктоосу - 18-20-июль саат 16:00гө чейин.

“Абитуриент онлайн” сайты - https://2020.edu.gov.kg/vuz

ЖОЖдор жөнүндө маалымат - https://2020.edu.gov.kg/universities

Билим берүү министрлиги бюджеттик негизде жана келишим акыга окутуу формалары үчүн билим деңгээлин аныктаган тесттин босого баллы 110 деп бекитилгенин билдирген. Предметтик тесттердин босого баллы 60 бойдон калтырылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан