Нарында кичиавтобус жолдон чыгып кетип үч киши каза тапты

Нарындын Кочкор районунда кичиавтобус жолдон чыгып кетип, үч киши каза тапканын Саламаттык сактоо министрлигине таянып айрым басылмалар жазып чыкты.
Маалыматка караганда, кырсык кечээ, 13-июлда Бишкек — Нарын — Торугарт жолундагы Долон ашуусунда болгон. Каргашадан 74, 62 жаштагы эки киши жана 20 жаштагы жигит мүрт кеткен. Ошондой эле 14 адам жабыркаганы айтылууда.
Министрликтен жабыркагандардын учурдагы абалы тууралуу маалымат алууга мүмкүн болгон жок. Азырынча кырсык боюнча ЖКККБ да үн ката элек.
Кошумча маалымат берилет.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан